04.04.2018 12:45

Кыргызстан Кытайга көл жээгинде дарылоочу-дарт аныктоочу борбор курууну  сунуштады   

Кыргызстан Кытайга көл жээгинде дарылоочу-дарт аныктоочу борбор курууну  сунуштады   

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бейжин шаарында Кытай Эл Республикасынын гигиена жана саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин төрагасы Ма Сяовэй менен жолукту.

Биринчи вице-премьер-министр кыргыз өкмөтү эки тараптык кызматташтыкты улантууга ниеттенип жатканын белгилеп, салттуу кытай медицинасы, медициналык туризм жана илимий изилдөөлөр жаатында өз ара иштешүү маселелерин айтып өттү.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында эки тараптык мамилелердин активдешип жатканы байкалууда. Кызматташтыктын алкагында 2018-жылы Ош шаарында тийиштүү жана заманбап жабдуулары менен жабдылган оорукана комплексинин курулушу аяктайт. Кыргызстан Кытайга биргелешкен аракеттер менен Ысык-Көлдүн жээгинде дарылоочу-дарт аныктоочу борбор куруу боюнча дагы бир долбоорду ишке ашырууну сунуштайт. Аны менен катар медициналык технологиялар жаатында квалификацияны жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн адистери ортосунда визит уюштуруунун жөнү бар», - деп кошумчалады Аскарбек Шадиев.

Өз кезегинде Кытайдын гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы,  кыргыз тараптын Ысык-Көл жээгинде медициналык мекеме куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу сунуштарын карап чыгууга даяр экенин билдирди.